Социалдык тармактарда үч «кыздын» көчөдөн чет элдик жаранды сабап жаткан видеосу тараган. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 6-апрелде саат 04:30 чамасында Ленин РИИБге 3 жаран чет өлкөлүк жаранды сабап жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.
Милицияга 2002, 2000 жана 2001-жылы туулган жарандар жана чет өлкөлүк 1992-жылы туулган жаран жеткирилген. Учурда териштирүү жүрүп жатат.










