Кечээ, 23-январда Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда үйдөн чыккан өрт 24-январга караган түнү саат 01:28де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 220 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө саат 22:16дан баштап 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.