Бишкек шаарынын Новопавловка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:12де Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 13:22де дагы 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды. Өрт саат саат 13:32де толук өчүрүлдү. Тилсиз жоо болжол менен үйдүн 100 чарчы метрин жалмаган.