Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чоң-Арык айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:24тө Ленин райондук №28 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 15:28де Биринчи Май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылган.
Кошумча саат 15:34тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 күжүрмөн эсеп, ыкчам топ жана штаб тартылды.