Бишкекте 30 жаштагы киши иске ууланып көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 03:28де Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 03:46да Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1991-жылы туулган жаран көмүр кычкыл газына ууланган, жабыркаган адамды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бирок ооруканага жетпей көз жумган. Өрттүн себеби такталууда.












