Бишкекте үйлөнүү үчүн кыз ала качкан жаран кармалды

Үйлөнүү максатында кыз уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-апрелде саат 20:20 чамасында «102» номерине Шопоков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кыз уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барышкан. Алар белгисиз адамдар зордук-зомбулук менен коркутуп, кызды Субару Легаси унаасына отургузуп кетишкенин аныкташкан.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган. Ал Свердлов РИИБине жеткирилген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.