Кечээ, 10-декабрда социалдык тармактарда Lexus унаасы менен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден өтүп бара жаткан кызды сүзүп, из жашырып кеткен айдоочунун видеосу тараган.
Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришип, Lexus LX470 унаасы 9-декабрда саат 07:30 чамасында 7-апрель көчөсүндө 13 жаштагы кызды сүзүп кеткени аныкталганын билдиришти. Кыз 3-балдар ооруканасына жаткырылган. Ал эми унаа айып короого киргизилген. Териштирүү уланып жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram