Аскер прокуратурасы зордуктоого шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
11-сентябрда шектүүлөр кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген. 12-сентябрда алардын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда тандалат.
- Социалдык тармактарда кыз эки жигитти зордуктоого айыптап чыккан. Окуя боюнча Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, факты каттоого алынганын, иш Аскер прокуратурасын өткөрүлгөнүн билдиришкен. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя Сыдыков көчөсүндө 5-сентябрда болгон. Кыз эки жигит тарабынан зордукталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. Арыз ээси да, алар да суракка алынган.