Бишкекте зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскери кармалды

Аскер прокуратурасы зордуктоого шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

11-сентябрда шектүүлөр кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген. 12-сентябрда алардын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда тандалат.