Аны менен катар, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы А.М.Т. атуу жарандын Бишкек шаарынын аймагындагы аянты 3 гектардан ашык, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 миллион долларды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Мындан тышкары, А.М.Т. криминалдык авторитет менен туугандык байланыштын артына жашынып, көзөмөлдөөчү органдарды коркутуу жолу менен муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген 3 миллион сомдон ашык суммадагы ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес. Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды
Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, автоунаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды. Милицияга 2026-жылдын 20-январь күнү саат 07:40 чамасында Бишкек-Ош автоунаа...






