Бишкектеги 13 жаштагы кыздын колдон колго өтүп кордолушу. Соттук отурум өтүп жатат

Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, бүгүн сот өкүмү чыгарылат. Маалым болгондой, процесстин бардык катышуучулары сөз сүйлөп, күбөлөр суралып, кылмыш ишинин материалдары изилденген. Судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти. Процесске Азис Эшалиев төрагалык кылууда.