Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда 13 жаштагы кыздын колдон колго өтүп кордолушуна шектелип кармалган төртүнчү шектүү боюнча соттук отурум өтүп жатат. Ал 19 жаштагы жигит. Ал шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштечү.
Тараптардын жарыш сөзүндө мамлекеттик айыптоочу соттолуучуну Кылмыш-жаза кодексинин «16 жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыратууну суранды. Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан сот 8 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү окуду.
- Ушул жылдын февраль айында милицияга секелек кыздын апасы кайрылып, арыз жазган. Ал өз арызында анын 2008-жылы туулган кызын Кулиев көчөсүндөгү үйдө 16-февралда саат 21:00 чамасында зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жаран кармалган. Бирок андан көп өтпөй, бул ишке милиция кызматкерлеринин да тиешеси бар экени маалым болгон. Тактап айтканда, 3-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Свердлов РИИБдин участкалык кызматкери кармалган. Андан тышкары, 41 жаштагы кароолчу болуп иштеген жарандын жана 39 жаштагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген жарандын кармалганы маалым болду.
- Жергиликтүү маалымат каражаттарына жабырлануучу «Дордой» базарындагы дүкөндүн сатуучусу «кулакчын уурдоого аракет кылдың» деген себеп менен аймакта кароолчулук кылган 40 жаштагы адамга кармап бергенин айткан. Ал кызды 10 жылга камаласың деп коркуткан. Акчасы жок экенин айтканда унаасында зордуктаган. Кыздын атасынын айтуусунда, кызды былтыркы жылдын август айынан быйыл февралга чейин эки милиция кызматкери жана дагы бир адам бири-бирине өткөрүп, коркутуп, зордуктап жүрүшкөн.
- 30-августта 2 милиция кызматкери 15 жылдан эркинен ажыратылган. Ал эми «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылган. Үч соттолуучудан тең жабырлануучунун пайдасына 100 миң сом өндүрүлгөн.