Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум 12-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти.
Соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу тараптын жактоочулары кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу зарылдыгы тууралуу оозеки өтүнүч менен кайрылышып, соттук териштирүүнү кийинкиге жылдырууну суранышкан.
Сот ишке катышкан адамдардын пикирин угуп, жабырлануучунун жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырып, 12-июлга чейин тыныгуу жарыялаган.