27 жашында 34 жаштагы жолдошу тарабынан бычакталып, алган оор жаракатынан улам ооруканада бир үйдүн көкүрөк күчүгү, эрке кызы жан бергенин айтып “SUPERTV” телеканалына маркумдун жакындары кайрылды. Бул оор жоготууга ишене албай жатканын айтканын алар “кызыбыз гүлдөй жайнап турган кезинде кете берди” дешет. Келиндин жолдошу да алган жаракаттан улам учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын анын атасы айтып берди.
«Биз 3 бир тууганбыз. Эки карындашым бар. Айгерим эң кичүүсү болчу. Жолдошу экөөнүн жашаганына 9 жылдай болуп калган. Ортодо 2 баласы бар. Жолдошу кызганчаак деп угуп калчумун. Биз укканда эле ооруканага бардык. Барсак ал жерде атасы менен энеси бар экен. «Жолдошу да өзүн бычак менен сайып, операцияга алып кирип кетти, абалы оор» дешти. Тергөө башталып, милиция келип жатты. Биз Ленин РИИБге барганда «канча жолу бычак сайылыптыр» деп сурадык. Карындашымды 19-20 жолу сайгылаптыр. Биз «мас бекен» деп милициядан сурадык. Сопсоо экенин айтышты. Окуя таңкы саат 5-6ларда болгон окшойт.
Карындашым үй-бүлөсүндөгү эч нерсесин айтчу эмес. Мен «урушсаңар, ата-энеме эмес, мага чалгыла, мен чечип берем» дечүмүн. 1-2 жолу урушуп, күйөө бала мага чалган учурлар болгон. Мунусунда чалбай эле, сайгылаптыр да. Карындашым жаркылдаган кыз болчу. Анын кандай экенин куда тарап билет. Ала качып кеткен. Ошондо «алып кетем» деп өзүм барган. Кыргызчылык, эл эмне дейт деп жатып, карындашым эми жок. Өзүм жакында эле уулдуу болгом. Жубайым төрөтканадан чыкканча үйдү оңдоп-түзөй калайын дегем. Апамдар баралы дегенде коё тургула дедим. Ошондо Айгерим 2 баласын ээрчитип алып, мага жардамдашты, чыгарганы барам десем тамак да жасап койгон. Ошол күнү үйдө болгон. Мен «устаны үйүнө жеткирип келе калайын, сен үйдө болуп тур» дедим. «Балдарды мектепке даярдаш керек» деди. Анда «жолдошуңа чал, алып кетсин» дедим. Келсем, такси менен өзү кетип калыптыр. Ал келгиче түнкү 12 болуп кетет деп койду. Балким ошондо эле урушкандыр. «Апамдар келет, ошондо үй-бүлөң менен кел» дедим. Жумушка барам, дем алыш күнү барам деген. Дем алыш күнү таңга маал сайып жатпайбы. Балким ошол күнү келгенде, бул окуя болмок эмес. Куда айтат «күйөө балаңар намаз окуганы туруптур» деп. Намаз окуган адам ушуга барабы? Аялын тургузуп алып, сайгылайбы? Менимче уруш кечинде башталган», — деди бир тууган агасы.