Бишкектеги 5 дарыгер СИЗО-1ге камакта калтырылды

30-декабрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту айыпталган 5 дарыгерге карата баш коргоо чарасын тандаган. Алар соттун чечими менен СИЗО-1ге камакта калтырылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. 

Ал эми дагы бир дарыгер үй камагына чыгарылган. Жогорудагы дарыгерлер Жазык кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү менен айыпталууда.