Бишкектеги «Алькони» заводунун өрттөн кийинки абалы (видео)

«Алькони» ишканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкектеги «Алькони» ишканасынан чыккан өрт саат 14:38де толук өчүрүлдү. Такталган маалымат боюнча, өрт кырсыгынан улам адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.
Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен тез даярдалуучу азык чыгарган имараттын болжол менен 3500 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ага карабастан өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер сакталып калган. Ишканадагы өрттү өчүрүүгө саат 03:10дон тарта ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа ККББнын ыкчам тобу тартылган. Өрт саат 05:55де чектөөгө алынып, саат 14:38де өрт толук өчүрүлдү.