Бишкектеги Аскердик институтта кызмат өтөп жүргөн жоокер каза болду

18-августта Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун окуу процессин камсыздоочу батальондун аскер кызматкери өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шаардык аскер комиссариатынын Каракол бөлүмү тарабынан чакырылган 2003-жылы туулган катардагы жоокер кароолдо жүрүп, өз алдынча ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.