Бишкекте №226 автобуста контролерго кол көтөрүү болду. Бул тууралуу журналисттерге мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүнчү башка бирөөнүн «Тулпар» жеңилдик берүүчү картасын колдонгон. Аны аныктаган контролер жүргүнчүдөн картасын алып коюуну чечкен, ошондо жүргүнчү контролерге кол салган.
Видеодон көрүнгөндөй, контролер милиция чакырам деген соң, жүргүнчү автобустан түшүп кеткен. Иш укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.
Мэрия өзүнүн картасын башкаларга берүүгө жана бирөөнүн картасын колдонууга тыюу салынарын эскертет. Мындай учурларда контролерлор жүргүнчүлөрдөн транспорттук карталарды алып коюуга укуктуу.
Бишкекте сойкулук менен алектенүүгө тартуу ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына белгисиз...
20-сентябрда саат 01:00 чамасында 2002-жылы туулган А.Н. мас абалында милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, агрессивдүү кабыл алып, кызматкерлерге адепсиз...
Кечээ, 20-сентябрда саат 17:50 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнин «102» кызматына курулуш техникасынын айдоочусу автоунаага сүзгүчү менен урунганы тууралуу маалымат түшкөн....
Кечээ, 19-сентябрда саат 20:20 чамасында «102» кызматына маршруттук №212 автобустун ичинде белгисиз аял 30 жаштагы жүргүнчүнү ур-токмокко алгандыгы тууралуу билдирүү...
Май айынын аягында Ошто күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген деген жүйө менен кармалган блогер Бауржан Абдумаликовго сот чечими...