Бишкектеги батирден 71 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар 8-кичи районунда жайгашкан №1 үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1950-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.










