Бишкекте аялын бычактап өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-декабрда саат 11:44 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Жибек Жолу проспектисинде эркек киши аял кишиге бычак сайып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери уруштун айынан 1991-жылы туулган жаран Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан Чыгыш автобекетинде 1991-жылы туулган аялына бычак сайганы маалым болгон. Келин Тез жардам кызматы баргыча каза болуп калган.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.