Бишкектеги брокердик компанияда эркек киши мойнуна бычак такап, өмүрүнө кол салууга аракет кылды

Бишкектеги брокердик компанияда эркек киши мойнуна бычак такап, өмүрүнө кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Ибраимов көчөсүндөгү «Ringo Trade» брокердик компаниясынын имаратында эркек киши бычакты моюнуна такап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин ИИМдин кызматкерлери аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, өз өмүрүн кыюудан сактап калышты. Ал жерге 5 куткаруучу тартылган.