Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу” беренеси менен иш козголуп, милиция 28 жаштагы жаранды кармады. Айтымында, ал мас болгон.
Сотто тышка чыкпоо тил каты алынып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу каралууда.












