Бишкектеги эшиги бекилип калган батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектин Свердлов районундагы үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1955-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.