Бишкектеги филармониянын жанынан жаш кыздын кесилген башы табылдыбы? Милициянын жообу

Өспүрүм кыздын кесилген башы табылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

«Филармониянын аймагынан эч кандай адамдын башы табылган жок жана милиция кызматкерлери эч кандай издөө иштерин жүргүзбөй эле«,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда «Бишкектеги филармониянын жанынан жаш кыздын кесилген башын таап алышкан» деген маалымат тараган эле.