Бишкек шаарындагы кафелердин биринде уурулук кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
3-сентябрда саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан пицца жана суши тармагын тейлеген кафенин бирине белгисиз адам кирип, ал жерден жумушчунун документтери (айдоочулук күбөлүгү, паспорту) жана акча каражаттары салынган сумкасын уурдап кеткен. Келтирилген жалпы чыгым 70 миң сомду түзөт.
13-октябрда Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунда жашаган 1982-жылы туулган жаран бул кылмышка шектүү катары кармалды. Бул жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда уурулук фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.