Бишкектеги кампадан 4 тоннадан ашкан апийим куурайы табылды

Баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан “Манас” бажысы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, алыскы жана жакынкы аймактарга, чет өлкөлөргө, Кыргызстанга, андан соң коңушулаш Казакстан, Өзбекстан жана Кытайга баңги заттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналын уюштуруу аркылуу, көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, масштабдуу оперативдүү иштердин натыйжасында Бишкек шаарындагы кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашкан ири көлөмдөгү апийим куурайы аныкталган. «Кодеин» жана «Морфин» баңги жана психотроптук заттарын камтыган апийим куурайынын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы 350 килограммга жакынды түздү.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 285-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (бажы чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү) жана 282-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз жарандары кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.