Бүгүн, 29-мартта эртең менен Бишкекте кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаадар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Ауэзов жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылып, кампадагы өрт саат 09:38де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.