Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Орозбеков көчөсүндө жайгашкан «Көк-Сай» курулуш базарынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метрди түздү.