Бишкекте колледждин акча каражаттарын уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Биринчи Май РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда Бишкек шаарынын окуу колледждеринин бириндеги каржылык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Арызында 2022-жылдын январь айынан тартып, 2023-жылдын декабрь айына чейин башкы бухгалтер кассада отурган жаран менен тымызын сүйлөшүп алып, колледждин мүлкүн жана акча каражаттарын өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, өз кызыкчылыктарына пайдаланышканын айткан. Анын кесепетинен окуу колледжине жалпы суммасы 29 миллион 69 миң 573 сом зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине (ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында, 1979 жана 1983-жылы туулган шектүүлөр кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул факты окуу колледжиндеги аудиторлук текшерүү убагында аныкталган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram