Буга чейин «Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылды» деген видео тараган. Кырсык боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришти.
Бүгүн, 19-январда саат 08:54 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Көк-Жар жаңы конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Октябрь РИИБдин 4-ШМБнын ыкчам-тергөө тобу барышып, 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсү жарылганын аныкташкан. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды.
Жарылуудан батирдин терезелери талкаланган. Жабырлануучулар медициналык мекемеге жеткирилди.