Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн өрт чыгып, 61 жаштагы киши иске ууланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 22-ноябрь күнү болгон. Ленин районунун Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 5 таштанды жана эски кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган эркек киши иске ууланган. Жабыркаган жаран Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы туруктуу. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.