Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маркумдун 28 жаштагы жигит экени аныкталган. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.