Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай аныкталган. Алынган маалыматка ылайык, жашыруун жай «ИГИЛ» террористтик уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын каттоосунда турган 1981-жылы туулган Тоха каймана аты менен белгилүү жаран тарабынан уюштурулган.
Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери техникалык каражаттарды колдонуу менен төмөндөгүлөрдү аныкташкан:
• 3 даана тротил шашкасы,
• Сериалык номери жок, октолбогон 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасы (ПМ),
• 5 даана кол граната,
• Ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дарылар,
• Р.А. аттуу жаранга таандык күбөлүк,
• 2023-жылы ликвидацияланган Камчы Асанбек менен жансакчысы менен чогуу түшкөн сүрөтү.
Эскерте кетсек, Тоха 2015-жылы Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция маалында ИГИЛ террористтик-экстремисттик тобунун мүчөлөрүнүн курамында ликвидацияланган.









