Бишкектеги мектептердин биринин дене тарбия мугалими 2-класстын окуучусуна ыплас аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга окуучу кыздын апасы кайрылып, дене тарбия мугалими сабак учурунда кичинекей кызына карата адепсиз аракеттерди жасап келгенин айткан.
25-февралда аталган факты боюнча териштирүү башталып, 1955-жылы туулган мугалим милицияга жеткирилген. Мугалим күнөөнү мойнуна алган эмес. Экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча мугалимдин аракетине юридикалык баа берилет.
Мугалимдин үстүнөн ушул сыяктуу дагы бир нече арыз түшкөн.











