Бишкектеги мушташ учурунда жабырлануучу тарап депутат Жаныбек Абировго чара көрүү боюнча арыз жазган эмес. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришкендей, жабырлануучу аны сабаган белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган. «Арыз кайсы бир адамдын атына жазылган эмес», — дешти милициядан.
Редакция бүгүн, 14-мартта жабырлануучунун апасы менен байланышканыбызда, уулунун абалы кечээкидей эле экенин айтты. «Балам менен деле жакшы сүйлөшө элекмин, азыр томография деп чуркап жүрөбүз. Арыз боюнча алар анын депутат экенин билишкен эмес. Биз кийин билдик», — деди ал.
Депутат Жаныбек Абиров өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек.
- Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда.
- Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти.
- 13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран (1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д.) кармалды.
- Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилип, ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырганы маалымдалган.