Бишкекте 7-августта Каарман көчөсүндө ок атышуу болуп, анын кесепетинен бир адам октон жаракат алган.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинде (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) каралган кылмышка шектүүлөр изделүүдө.
Шектүүлөрдүн арасында:
- Степанов Николай Николаевич, 1999-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;
- Степанов Лев Викторович, 1994-жылы Өзбекстанда туулган;
- Каландаров Геннадий Геннадьевич, 1993-жылы Өзбекстанда туулган жарандар бар.
Жогорудагы жарандардын жүргөн жерин билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: Бишкек ШИИБдин номуру 0312 48-64-47, 0552 102-906, 0554 102-147 же «102» кызматы.