Бишкектеги ооруканада наристе көз жумду. Анын денесинин 80 пайызы күйгөн

Бишкектеги ооруканада 2019-жылы туулган бала көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-февралда Сокулук РИИБге Бишкектеги ооруканага денесинен 80 пайыз күйүк алган бала ооруканага түшкөнү, кийин көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жылыткычтан күйүк алган. «Бардык жагдайлар такталууда, экспертизалар дайындалды», — дешти милициядан.