Кечээ, 10-декабрда адвокат Шердор Абдыкапаров Бишкекте жолдошу тарабынан бычакталган келин ооруканада оор абалда жатканын айтып чыккан. Келинге жолдошу тарабынан 4 жолу бычак сайылса да, милиция шектүүнү ошол эле күнү бошотуп жиберишкенин айткан.
Окуя боюнча Ленин РИИБден комментарий беришти. Маалыматка караганда, 8-декабрда саат 08:00 чамасында №1 шаардык ооруканада күйөөсү аялына бычак сайгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, ошол күнү саат 06:30 чамасында кызганычтан улам эркек киши бычак менен аялын бир нече жолу сайганы маалым болгон. Келин ооруканага жаткырылган. Факты Ленин РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Керектүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
9-декабрда бычакталган келин милицияга арыз жазган. Ошол күнү анын жолдошу кармалып, Ленин РИИБге жеткирилген. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө келин тосмо арыз жазып, ишти кароону токтотууну суранган. Учурда тергөө уланып жатат.