Бишкектеги Свердлов районунда сарайдан өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен: 1977-жылы туулган жаран сол колунан 1-даражадагы күйүк алган. Ал эми 2000 жана 2004-жылы туулган жарандар түтүнгө ууланып, «103» кызматынан медициналык жардам алышкан. Өрттүн чыгуу себеби такталып жатат.










