Түндө Бишкектеги «Pur-Pur» кафесинде өрт чыкты

Бүгүн, 22-январда болжол менен саат 02:00 чамасында Бишкектин Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан «Pur-Pur» кафесинен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен тамактануучу жайдын 200 чарчы метр чатыры жана ичиндеги 2 даана муздаткыч, 2 даана кир жуучу машина, 2 даана электр плитасы жана шкаф күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Тилсиз жоо түнкү саат 02:10дө чектөөгө алынып, өрт толугу менен таңкы саат 04:13тө өчүрүлгөн.