Бишкектеги СИЗО-1де камактагы жаранга меджардам көрсөтүлгөн эмес. Ал көз жумду

№1 тергөө изоляторунда медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн тергөөдөгү адам каза болду. Бул тууралуу кыйноолорду алдын алуу борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, №1 тергөө изоляторунда жаткан 1955-жылы туулган жарандын жактоочусу аталган борборго арыз менен кайрылган. Анда кылмышка шектелген жаран ден соолугунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ЖАМКнын №47 мекемесине которууну суранган. Бирок анын жактоочусунун тергөө органдарына жана №1 тергөө изоляторунун жетекчилигине берген өтүнүчтөрү эске алынган эмес.
Медициналык жардамдын өз убагында көрсөтүлбөгөндүгүнүн жана адистештирилген медициналык мекемеге которуу өтүнүчтөрүнө көңүл бурулбагандыгынын натыйжасында, ал киши диабетикалык комага түшүп калган. 26-июлда ал оор абалда №47 жаза аткаруу мекемесине Тез жардам менен жеткирилип, 10 күндөн кийин каза тапкан. Анын алдын ала диагнозу: дем алуунун жетишсиздиги, 1-типтеги кан диабети, диабеттик полинейропатия, буттун диабеттик синдрому, гипогликемиялык кома, баш мээнин шишиги, баш мээдеги кан жүгүрүүнүн бузулушу.

«Өкмөттүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы «Түрмөгө кесилген, катуу оорудан жапа чеккендерди медициналык кароодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жана аларды кийинки жазадан бошотууга берүү жөнүндө» №745 токтомуна карабай, Азиз Батукаевдин чуулгандуу ишинен улам, оор абалда соттолгондор менен айыпталуучулардын көбү эркиндикке чыгарылбай келет. Соттор, дарыгерлер, прокурорлор да жоопкерчиликти өз мойнуна алуудан кооптонуп, натыйжада жарандар кыйналып жатат. Көпчүлүк учурларда, катуу оорулуу туткундар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга туура келген кезде гана бошотулат», — деп айтылат маалыматта.