Бишкектеги Cosmopark соода борборунда 10-ноябрда мушташ жана атышуу болду. Окуя тууралуу маалымат милицияга 03:00 чамасында түшкөн.
Октябрь РИИБден билдиришкендей, жерине милиция кызматкерлери барып, окуяга катышкандарды милиция кызматкерлери алып кетишкен. Жабырлануучулар ооруканага жаткырылган. Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жаңжалдашкан эки тарап тең арыз менен кайрылган. Тергөө уланууда.