Бишкектеги соода борбордо өрт чыкты

Бишкек шаарына караштуу Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:31де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, кошумча саат 09:37де аталган райондук ӨКБдан 3 жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган. Жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барууда. Тилсиз жоо саат 10:00дө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өрт «Эне-Өргөсү» соода борборунан чыккан.