Бишкектеги таштанды таштоочу жайдын жанындагы көлмөдө жансыз дене табылды

Бишкектеги таштанды таштоочу жайдын жанындагы көлмөдө жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 11-майда милицияга Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайга жанаша жайгашкан көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Көлмө жээгине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.