Бишкектеги телеканалдардын биринин имаратында өрт чыкты

Биринчи Май районундагы Абай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу имараттан ичиндеги «Ош Пирим» телеканалынын кеңсесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:53тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 15:02де чектөөгө алынып, саат 15:27де толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымы такталууда.