Бишкектеги тигүүчү цех өрттөндү (сүрөт)

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Дачная көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, саат 05:59да ККББдан ыкчам топ тартылган. Өрт саат 06:35 чектөөгө алынып, толук саат 09:12де толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда. Жабыркагандар жок.