Бишкектеги турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар жок (видео)

Борбор калаанын Октябрь районундагы Бектенов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттөн очоккана менен үйдүн чатыры күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
«Тилсиз жоо саат 15:06да чектөөгө алынып, 16:10до толук өчүрүлгөн. Турак үйдүн 300 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатыры жана ага жанаша жайгашкан очокканасы толугу менен күйүп кеткен. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп жазылат маалыматта.