Бишкектеги түнкү клубда жаранды сабаган шектүү кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 5-мартта милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 04:00 чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан клубдардын биринде аны сабап, из жашырган адамга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.