Бишкектеги үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды (видео)

Бишкектеги үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Биринчи Май районунун Ташкент көчөсүндө жайгашкан үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:19дан тарта жалпы 4 бөлүм, ККББдан ыкчам тобу жана штаб тартылды. Маалыматка ылайык, үйдүн артында жеке менчик бала бакча жайгашкан. Өрттүн жалыны ага өткөн эмес. Өрт турак үйдүн өзүндө чыккан. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Бактыга жараша жабыркагандар жок.