Бишкекте жеңил унаа менен автокрандын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Милицянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Бүгүн, 20-майда түнкү саат 00:40 чамасында 25 жаштагы айдоочу Масалиев көчөсү менен Тыналиев көчөсүнөн солго бурулуп жатып карама-каршы багытта келе жаткан БМВ 530 үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн. Жеңил унааны 24 жаштагы жигит башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен БМВ 530 унаасындагы 2 жаран жабыркаган.
«Учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.










